Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:17

“Айыл Банктын” капиталы 1 млрд. сомго көбөйтүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “Айыл Банк” ачык акционердик коомунун капиталын 1 млрд. сомго көбөйтүү жөнүндө буйрукка кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты кабарлады.

Бул чечим “Айыл Банкты” мындан аркы өнүктүрүү жана бул финансылык мекеменин мамлекеттик акциялар пакетин натыйжалуу башкаруу максатында кабыл алынды. Бул чара ата мекендик агрардык рынокту өнүктүрүүнү шарттайт.

“Айыл Банк” ачык акционердик коому - агрардык тармакты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаларды ишке ашырган өлкөнүн ири финансылык институттарынын бири. Өкмөттүн аппараты тараткан билдирүүдө “Айыл Банктын” буга чейинки капиталы канча сумманы түзөрү жазылган эмес. (ErN)

XS
SM
MD
LG