Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:16

Бишкектин аялдамаларын айнек менен тосуу сунушталды


Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги аялдамаларды айнек менен тосуу сунушталууда. Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып “Республика - Ата Журт” фракциясынын депутаты Марлен Маматалиев суук түшүп, Бишкекте аялдамаларда үшүп турган жүргүнчүлөр көп болуп жатканын, бул маселени чечсе болорун айтты.

Депутат аялдамада жарнамасын жайгаштырган ишкана-компаниялар ижара акысын ошондой айнек тосмолорду орнотуп төлөсө болорун белгилеп, алгач пилоттук негизде бир нече долбоорду баштап көрүүнү сунуш кылды.

Кийинки күндөрү Кыргызстанда аба кескин муздап, көпчүлүк аймактарда кар жаады. 15-ноябрга караган түнү Бишкекте абанын температурасы -15 тегерегинде болду. (RK)

XS
SM
MD
LG