Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Бишкекте үйлөрүн ижарага бергендер салык төлөөгө милдеттендирилет


Ош базарынын айланасындагы бир нече үй-бүлөгө берилген турак жайлардын бири.
Ош базарынын айланасындагы бир нече үй-бүлөгө берилген турак жайлардын бири.

Борбор калаадагы көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерин жана жер тамдарын ижарага бергендердин баарын салык төлөтүү аракети көрүлүп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Учурда шаардын райондорунда батирлерин ижарага бергендерди каттоо жана алардын жалпы маалыматтар базасын түзүү иштери жүрүп жатат. Райондук администрациялардын кызматкерлери Мамлекеттик салык кызматынын инспекторлору менен кошо батир жана үй ээлерин аныктап, эскертүү берип жатышат.

Бир эле Свердов районунун №5 аймактык башкармалыгынан батирлерин ижарага берген 150 адамга кабарлоо (извещение) кагазы тапшырылды. Ижарачылар салык төлөбөсө айыппул төлөйт.

Бишкек шаарынын көпчүлүк аймактарында жер тамдардын көпчүлүгү ижарага берүүгө ыңгайлаштырып кайра жасалып, киреше табуунун булагына айланган. Өзгөчө “Дордой” жана "Ош" базарынын айланасында 5-10 сотыхты камтыган бир эле үй 10 чакты үй-бүлөгө ижарага берилет. Алардын бир бөлмөсүнүн ижара акысы эки миң сомдон өйдө бааланат. (ErN)

XS
SM
MD
LG