Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто Македониянын мурдагы өкмөт башчысы Никола Груевскийдин кайда жүргөнү тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты. Анын алдында экс-премьер Венгрияга качканын, ал өлкөдө саясий башпаанек сураганын айткан.
Груевский өзү "Фейсбуктагы" баракчасына жазгандай, "өлтүрөбүз" деген көп жолку опузалардан улам ал мекенинен качууга аргасыз болгон. Мындан жарым жыл мурун экс-өкмөт башчы коррупция боюнча айыпталып, эки жылга түрмөгө кесилген.
9-ноябрда сот анын апелляциясын четке каккандан кийин ал жазасын өтөй башташ үчүн тиешелүү органдарга барган эмес. Македониянын полициясы 12-ноябрда Груевскийди кармоого ордер чыгарган. Ал премьерликти 20006-2016-жылдары аркалаган. Мурда оппозициядагы улутчул партиянын лидери болчу.