Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:26

Британияда эки министр кызматтан кетти


Британиянын эмгек жана пенсия министри Эстер Маквей. 6-ноябрь, 2018-жыл.
Британиянын эмгек жана пенсия министри Эстер Маквей. 6-ноябрь, 2018-жыл.

Британияда Брексит келишиминин долбооруна каршылыгын билдирип, бир нече министр кызматтан кетти. Евробиримдиктен чыгуу иштерин караган министр Доминик Рааб өкмөт башчы Тереза Мэй сунуш кылган долбоорду ак ниеттен кабыл ала албасын билдирип, жумушун тапшырып берди. Анын артынан эмгек жана пенсия министри Эстер Маквей да кызматтан кеткенин жарыялады. Үч министрдин орун басарлары ишин тапшырып беришти.

14-ноябрдын кечинде Британиянын премьер-министри Тереза Мэй жана Евробиримдиктин бул боюнча жооптуу адиси Мишел Барнье 585 барактан турган долбоорду министрлер кабинети жактырганын жарыялашкан. Эми бул келишим долбоорун британ парламенти 2019-жылдын мартына чейин жактырышы керек.

Айрым саясатчылар бул келишимди сындап, Британия бөлүнгөндөн кийин деле Евробиримдик менен тыгыз байланышта калып, анын эрежелерине баш ийип каларын айтып чыгышты.

Лондондо Евробиримдиктен чыгуу же шаркетте калуу тууралуу референдум 2016-жылдын 23-июнунда өткөрүлгөн. Добуш бергендердин 51,9 пайызы Брекситти колдошкон.

Шейшемби Брексит боюнча чечим чыгаруунун акыркы күнү болчу. Британия Евробиримдиктен 2019-жылдын март айында чыгышы керек.

XS
SM
MD
LG