Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:34

Автоунаа жолдорун куруу маселеси парламентте талкууланат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы автоунаа жолдорун куруу, оңдоо жана камсыздоо боюнча өкмөттүн ишмердүүлүгүн талкуулайт.

Бул боюнча биринчи премьер-министр Кубатбек Боронов, транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов маалымат берет. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын тышкы карызынын 44 пайыздан ашууну Кытайдын "Эксимбанкына" туура келет. Кытайдын бул банкы Кыргызстандын суверендүүлүк кепилдиги үчүн жол курууга, энергетика жана жылуулук берүү тармактарын оңдоого 1 миллиард, 700 миллион доллардан ашуун насыя берген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG