Бүгүн адам укуктарына арналган “Бир дүйнө – Кыргызстан” фестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталат. Тасмалар сегиз номинация боюнча тапшырылат. Быйыл фестивалдын алкагында биринчи жолу “Азаттыктын” иликтөөчү журналисти, маркум Уланбек Эгизбаевдин урматына “Уланбек уланат” аттуу сыйлык тапшырылат.
Уюштуруучулардын айтымында, фестивалга аялдардын, мигранттардын, балдарын укуктарын чагылдырган, экология маселесин көтөргөн жана жаркын жашоого үндөгөн 25 тасма тандалып алынган.
12-жолу уюштурулуп жаткан фестиваль Бишкекте дүйшөмбү күнү ачылган. Андагы тасмалар эми аймактарда да көрсөтүлөт. (КЕ)