Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 04:35

Карамушкина: биз КСДПга мүчө болгон башка фракция лидерин тандашыбыз керек


КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов жана КСПДнын лидери, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов аталган партиянын саясий кеңешинин аны партиядан чыгаруу тууралуу чечимин фракция жыйынынын күн тартибине киргизүүдөн баш тартты. Бул тууралуу "Азаттыктын" парламенттеги кабарчысы билдирди.

Иса Өмүркуловду партиядан чыгаруу жөнүндө саясий кеңештин чечимин жыйындын күн тартибине киргизүү өтүнүчү менен КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина кайрылган. Бирок Өмүркулов отурумдун протоколунун, катышуучулардын жана ишеним кагаздарынын саны жоктугун жүйө келтирип, канааттандырган жок. Ага Ирина Карамушкина "Өмүркулов саясий кеңештин жыйынына өзү катышса туура болмок" деп, партиянын саясий кеңешинин чечимин "саботаж" кылуу аракети жүрүп жатканын айтты.

- Сиз фракциянын лидери катары, КСДПнын мурдагы мүчөсү катары сизди партиянын катарынан чыгарганга каршылыгыңызды билдирип, сотко берсеңиз болот. Бардык ишеним кагаздары бар. Сиз саясий кеңештин отурумуна катышып, өзүңүздүн пикиринизди билдирсеңиз болмок. Бирок сиз ага атайылап катышпай койдуңуз. Сиз бүгүн фракциянын жыйынын мыйзамсыз өткөрүп жатасыз. Сиз партиянын мүчөсү эмессиз. Биз КСДПга мүчө болгон башка фракция лидерин тандап алышыбыз керек, - деди Ирина Карамушкина.

Иса Өмүркуловду фракция лидерлигинен алуу боюнча КСДПнын саясий кеңешинин чечимин аткарууга чакырган кайрылуу ар бир фракция мүчөсүнө жөнөтүлгөнүн өткөн аптанын соңунда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев айтып чыккан.

31-октябрда КСДПнын саясий кеңеши Иса Өмүркуловду партиядан чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алган. Ошондой эле партиянын парламенттеги фракциясынын депутаттарына Иса Өмүркуловду бул кызматтан алуу тууралуу сунуш киргизилген. Өмүркулов өзү бул чечимди легитимсиз деп баалап, аны мүчөлүктөн чыгарган адамдарды “чыккынчылар” деп атаган. (KR)

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG