Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:39

Журналисттердин “кат куржуну” президентке тапшырылды


Журналисттер даярдаган "кат куржун".
Журналисттер даярдаган "кат куржун".

Кыргызстандын бир катар массалык маалымат каражаттарынын журналисттеринин каттары салынган “кат куржуну” президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиевага тапшырылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” каттарды чогултуу боюнча уюштуруу тобунун жетекчиси Элнура Кулуева билдирди.

Ал куржунга жалпысынан 60тай кат салынганын айтып, алардын ар биринин мазмуну менен тааныш эмес экендигин белгиледи. Ошентсе да Кулуева журналисттер элдик маселелер боюнча да, жеке маселелер боюнча да даттанышканын кошумчалады.

Жолугушуу учурунда Толгонай Стамалиева журналисттердин каттары атайын каттар бөлүмү тарабынан каттоого алынып, ар бири президенттин жеке кароосуна жиберилерин айтты.

7-ноябрь - Басма сөз күнүнө карата айрым журналисттер массалык маалымат каражаттарында иштегендердин арыз-арманын президентке жеткириш үчүн “Президентке кат куржун” акциясын уюштурушкан. Демилгечилердин айтымында Кыргызстандын тарыхында мындай акцияны журналисттер биринчи жолу өткөрүп жатышат. (ErN)

XS
SM
MD
LG