Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:42

Рысалиев: Жээнбековго иштегеним чын, бирок Токтакунов жарыялаган акчаны алган эмесмин


Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев.
Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев.

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы ички иштер министри Зарылбек Рысалиев 2017-жылкы шайлоо өнөктүгүндө андагы талапкер Сооронбай Жээнбековго иштегенин мойнуна алып, бирок адвокат Нурбек Токтакунов жарыялаган документтеги акчаны албаганын "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып билдирди. 

- Токтакунов кимдин буюртмасын аткарып жатканын билбейм. Эгер чын болсо ошол документтерди алганын ачык жарыяласа же менин кулагыма келип, "эй, Зарыл, ушундан алдым" деп шыбыраса колун кысмакмын, - деди Зарылбек Рысалиев.

Укук коргоочу Нурбек Токтакунов "президент Сооронбай Жээнбековдун борбордук штабы 2017-жылы президенттик шайлоого жумшаган" деген каражаттарынын тизмесин "Фейсбуктагы" баракчасына жарыялады. Адвокат бул маалыматты былтыр президенттикке талапкердин штабында иштеген "Жээнбековдон да, Атамбаевден да көңүлү калган" ишенимдүү адам бергенин айткан. (BkA/KR)

 

XS
SM
MD
LG