Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Таласта жакырчылык күч алды


Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.

Таласта жакырчылык былтыркыга салыштырмалуу 0,7% өстү. Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн социалдык мониторинг бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, 2017-жылы аймактагы 43 миң 121 түтүндүн 25,7 пайызы жакырчылык абалында болсо, быйылкы жылдын тогуз айында жакырчылыктын деңгээли 26,4 пайызды түзгөн. Тагыраагы, аймакта 5728 үй-бүлө аз камсыз болуп саналат. Алардын бир айлык кирешеси 900 сомго жетпейт.

Жакырчылыктын деңгээли мамлекеттик жөлөкпул алуучулардын санына жараша өлчөнөт. Статистикалык расмий маалымат боюнча Кыргызстанда калктын 25 пайыздан ашууну, тагыраагы 1,5 миллиондун тегерегиндеги адам жакырчылыктын чеңгелинде жашайт. (AlS\ErN)

XS
SM
MD
LG