Түндүк Кореянын бийлиги "өлкөгө мыйзамсыз жол менен кирген" деген негиз менен бир ай мурда кармалган америкалык жаранды депортация кылат. Бул тууралуу "Кореянын борбордук жаңылыктар агенттиги" 16-ноябрда кабарлады.
Маалыматка ылайык, АКШнын жараны 16-октябрда Кытайдан Түндүк Кореяга өтүп келген. Мамлекеттик агенттик расмий Пхеньян аны эмне үчүн өлкөдөн чыгарууну чечкенин так билдирген жок.
Айрым талдоочулар бул чечимди Пхеньяндын АКШ менен диалогду улантууга болгон дилгирлигинин белгиси катары мүнөздөп жатышат.
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен АКШ президенти Дональд Трамптын июнь айындагы Сингапурдагы "тарыхый" деп мүнөздөлгөн кездешүүсүнүн алдында расмий Пхеньян үч америкалык туткунду бошоткон эле.