Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:44

Камбоджада "кызыл кхмерлердин" акыркы лидерлери соттолду


Соттолуучулардын бири Кхиеу Сампхан.
Соттолуучулардын бири Кхиеу Сампхан.

Камбоджада 1970-жылдары өлкөнү башкарган "кызыл кхмерлердин" акыркы тирүү калган лидерлери соттолду. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) колдоосу менен түзүлгөн атайын сот Нуон Чеа менен Кхиеу Сампханды вьетнамдыктардын жана чам мусулман азчылыгынын өкүлдөрүнө каршы тукум курут саясатын жүргүзгөн, согуш кылмыштарын, адамзатка каршы кылмыш кылган деп тапты. Экөө тең экинчи жолу өмүр бою абакка кесилди.

Алар буга чейинки режимдин тушундагы адамдардын күчкө салып көчүрүлүшү жана жапырт дайынсыз жоголушуна байланыштуу соттолушкан.

Камбоджада өлүм жазасы жок. 92 жаштагы Чие жана 87 жаштагы Сампхан саясий жүйөдөн улам куугунтукталып жатышканын айтышат.

"Кызыл кхмерлердин" тушунда 1975-жылдан 79-жылга чейин 3 миллионго чейин киши жок кылынган. (AA/KKs)

XS
SM
MD
LG