Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:29

Төрөттөн каза болгон келин боюнча төрөткананын дарыгерлерине иш козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги Эне-баланы коргоо борборунун дарыгерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 119-беренеси (“Медициналык кызматкердин өзүнүн кесиптик милдеттерин талапка ылайык аткарбай коюшу”) менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек милициясынын басма сөз катчысы Мира Абдылдаева билдирди.

-1986-жылкы келин төрөттөн кийин комага түшүп, анан каза болгон экен. Окуя боюнча Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы 119-берене менен кылмыш ишин козгогон. Биринчи дайындалган экспертиза "дарыгерлердин күнөөсү бар" деген тыянак чыгарыптыр. Азыр комиссия түзүлүп, тергөө иштери жүрүп жатат, - деди Абдылдаева.

Нургүл Имангазиева 22-августта операция жолу менен көз жарыш үчүн аталган төрөтканага кайрылган. Маркумдун күйөөсү ал дарыгердин шаалакылыгынан улам каза болгонун айтууда. Имангазиеванын артында үч кызы калды.

Окуя боюнча Саламаттык сактоо министрлиги да текшерүү иштерин жүргүзүп жатат. (AiA\ErN)

XS
SM
MD
LG