Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:58

Тажикстанда тополоң чыккан түрмөнүн башчысы кармалды


Хожент шаарындагы түрмөнүн сырткы көрүнүшү.
Хожент шаарындагы түрмөнүн сырткы көрүнүшү.

Тажикстандагы Хожент шаарында жакында тополоң чыккан түрмөнүн башчысы Файзулло Сафарзод кызматынан четтетилип, камакка алынды. Бул тууралуу "Азаттыктын" тажик кызматына атын атабаган булактар кабарлашты. Сафарзодго "шалаакылык кылган" жана "кызмат абалынан ашыкча пайдаланган" деген айыптар тагылды.

"Абакта тополоң тутанганда Сафарзод жазасын өтөп жаткандарды өз алдынча токтотууга аракет кылган. Окуя жөнүндө жогорку органдарды өз убагында кабардар кылган эмес", - деди булактардын бири.

Ал тапта Согди облусунун прокуратурасы тополоңго байланыштуу "Киши өлтүрүү" беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Расмий эмес маалыматтарга ылайык, 7-ноябрдан 8ине караган түнү болгон окуяда кеминде 50 киши өлгөн. Жараддар болгондордун саны канча экени белгисиз. Абактын жети кызматкери ооруканада жатат.

Тополоң үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу алган. (AA/KKs)

XS
SM
MD
LG