Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:34

АКШ саудиялыктарга айып тагылганын "алгачкы жакшы кадам" деп мүнөздөдү


Маркум Жамал Хашогги.
Маркум Жамал Хашогги.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Сауд Арабиясынын журналист Жамал Хашогжинин өлүмү боюнча шектүүлөргө айып такканын кубаттады. Департаменттин басма сөз өкүлү Хизер Нойерт 15-ноябрда Эр-Рияддын соңку билдирүүсүн “алгачкы жакшы кадам” деп мүнөздөп, сауд бийлиги иликтөөнү улантууга чакырды.

Бир күн мурда Саудиянын прокуратурасы Хашогжинин өлүмү боюнча 11 киши айыпталып жатканын, алардын бешөөнү өлүм жазасына тартуу жөнүндө сунуш киргизилгенин билдирген. Ошондой эле маркум журналисттин денеси жиликтенгени тууралуу Түркия тарап башынан бери айтып келген версияны тастыктаган.

Мындай билдирүүгө улай АКШ Саудиянын мураскер ханзаадасы Мухаммад бин Салмандын жогорку даражалуу жардамчылары баш болгон 17 саудиялык жаранга санкция салган.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Саудиянын прокуратурасынын маалыматына канааттанбай турганын айткан.

Сауд бийлигин сындап келген 59 жаштагы Хашогжи 2-октябрда Саудиянын Стамбулдагы консулдугунда өлтүрүлгөнү ырасталган.

XS
SM
MD
LG