Кошмо Штаттарда "Викиликс" сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанжга айып тагылып жатканын "Вашингтон пост" баштаган бир катар басылмалар 16-ноябрда жазып чыгышты.
Америкалык басылмалар билдиргендей, "Викиликстин" негиздөөчүсүнө айып тагылып жатканы тууралуу маалымат Ассанжга тиешеси жок эле иш боюнча АКШнын Александрия шаарындагы райондук соттун документтеринин арасына камтылып кеткен.
Америкалык прокурордун жардамчысы Кэллен Дуэйер кол койгон делген бул документте Ассанжга айып тагылганы тууралуу учкай айтылган. Бирок кандай айып экени так белгиленген эмес.
Прокурорлор бул документте "ката кетирилгенин" моюнуна алышып, бирок Ассанждын маселеси боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.
Ал эми "Викиликс" сайты АКШнын Башкы прокуратурасы кокустуктан улам Ассанжга тагылган айыптарды ачыкка чыгарып алганын билдирди.
Австралиянын 47 жаштагы жараны Жулиан Ассанж "Викиликс" аркылуу АКШнын аскердик багыттагы 500 миң электрондук документтерин жарыялаганы үчүн сот жообуна тартылышы мүмкүн.
Орусиянын АКШ шайлоосундагы ролун териштирген атайын прокурор Роберт Мюллер да 2016-жылы Демократиялык партиянын хакердик жол менен уурдалган он миңдеген документтерин жарыялаганы үчүн "Викиликсти" иликтеп жатканы кабарланган.
Ассанж 2012-жылдан бери Эквадордун Лондондогу элчилигинен чыга элек. Ага Швецияда зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Ассанж швед бийлиги өзүн "жашыруун маалыматты жарыялаган" деп айыптаган АКШга өткөрүп бериши мүмкүн деп чочулап келет.
Былтыр май айында Швеция Ассанжга карата зордуктоо фактысы боюнча тергөөнү токтоткон. Ошентсе да Британия ал Эквадордун элчилигинин аймагынан чыкса эле кармаларын айткан.