Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:07

Сот CNNдин кабарчысынын аккредитациясын кайтарып берүү чечимин чыгарды


Федералдык судья Тимоти Келли жума күнү Ак үйдү журналисттин аккредитациясын убактылуу калыбына келтирүүнү милдеттендирди. CNN телекомпаниясынын юристи бул окуяны “журналистика үчүн улуу күн” деп атап, чечимди чыгарган сотко, колдоо көрсөткөн кесиптештерине ыраазычылык билдирди.

Ошентип, Ак үйгө кабарчы Жим Акоста териштирүү аяктаганга чейин кирүүгө уруксат алды. Судья акыркы чечим деле телеканалдын жана журналисттин пайдасына чечилиши мүмкүн экенин белгиледи. Жума күнү Ак үйдүн басма сөз кызматкери Сара Сандерс админстрация соттун чечимин аткарып, Акосттун аккредитациясын калыбына келтирээрин маалымдады. Ал Ак үйдүн басма сөз кызматы мындан кийинки маалымат жыйындарды өткөрүү тартибин иштеп чыгаарын кошумчалады.

CNN соттон акыркы чечимдеги текстте кабарчынын аккредитациясын алуу менен Трампттын админстрациясы журналисттин конституциялык укугун бузгандыгын белгилей кетүүнү суранды. Бул соттук прецедент башка журналисттерди Ак үйдүн жогорудагыдай аракеттеринен коргойт дешет. Окуянын ушул өңүттүнөн карап, ири медиа-холдингдер, кала берсе республикачыл делген Fox News дагы CNNди колдоп чыгышты. Телекомпаниянын соттук доосунда сөз эркиндиги жөнүндө жазылган. “Америка үнү” соттук угуулар дагы бир нече жумага созулаарын жазды.

Америкадагы CNN кабелдик телеканалы өз кабарчысы Жим Акостанын аккредитациясын жокко чыгарганы үчүн Ак үйдү сотко берген. Телеканал 13-ноябрдагы билдирүүсүндө Ак үйдүн чечими сөз эркиндиги боюнча Конституция кепилдеген укукту буза турганын жүйө келтирген.

Ак үй Акостанын аккредитациясын 7-ноябрда президент Дональд Трамптын маалымат жыйынында болгон окуядан кийин токтоткон. Жыйын маалында Трамп менен Акостанын ортосунда кайым айтышуу болгон.

Трамптын басма сөз катчысы Сара Сандерс тараткан маалыматка караганда, Жим Акоста Ак үйдүн кызматкерине микрофонду карматпай, башкалардын суроо беришине мүмкүнчүлүк берген эмес жана "күч да колдонгон". CNNдин жетекчилиги президенттин аракетин сындап, өз кабарчысын колдогон. (TSh)

XS
SM
MD
LG