Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:10

Юрист: Маевский боюнча Текебаев менен сүйлөшөбүз


Абакта жаткан саясатчы Өмүрбек Текебаевдин жактоочуларынын бири Таалайкүл Токтакунова Орусияда Леонид Маевский камалганы боюнча юристтердин мындан кийинки кадамдарын кеңешип жатканын “Азаттыкка” билдирди.

- Күбөнүн туура же туура эмес айтып жатканына баа берилиши керек. Бүгүн биздин “ал шектүү” адам деп айтканыбыз далилденип баштады. Азыр кеңешип жатабыз. Биринчи күнү Өмүрбек Чиркешовичке барып сүйлөшүп, кандай кадамдарга барарыбыз чечилет. Бирок буга сөзсүз түрдө саясий дагы баа берилиши керек.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотоновдун соттук ишиндеги негизги күбө, орусиялык ишкер, Мамдуманын экс-депутаты Леонид Маевский "бирөөнү жаманатты кыла турган маалыматты ачыкка чыгарбоо үчүн жабырлануучулардан ири суммадагы акча талап кылган" деп айыпталууда. 16-ноябрда Москвадагы Тверь райондук соту аны 2019-жылдын 14-январына чейин камакка алууну чечкенин “Интерфакс” жана башка маалымат агенттиктери кабарлашты.

"Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана анын партиялашы, мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов орус жараны Леонид Маевскийдин көрсөтмөлөрүнүн негизинде "Коррупция" беренеси менен айыпталып, 2017-жылы февраль айында камалган. (TSh)

XS
SM
MD
LG