Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:28

Бишкекте эл аралык театр фестивалы аяктады


Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата 12-ноябрдан 17-ноябрга чейин өткөн "Айтматов жана театр" эл аралык фестивалы соңуна чыкты.

Баш байгеге Чынгыз Айтматов атындагы Улуттук орус драма театрынын "Талаа" спектакли татыктуу болду. Ал эми 1-орунду "Чыңгызхан" спектакли менен Астана жаштар театры алды. Экинчи орунга "Саманчынын жолу" драмасы менен Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык улуттук театры ээ болду. 3-орунга "Лувр өрдөгү" спектакли менен Каракалпак мамлекеттик академиялык музыкалык-драма театры жетишти.

Фестивалда жалпы жонунан он тогуз номинация боюнча сыйлыктар тапшырылды. Мыкты режиссер номинациясына "Найман эне" спектакли үчүн Нурлан Абдыкадыров ээ болду.

Мындан сырткары "Мыкты актриса", "Мыкты актер", "Мыкты сахна сүрөтчүсү", "Мыкты сценарист" ж.б сыйлыктар аныкталды. (ZA)

Айтматов фестивалы "элитасыз" өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:34 0:00

XS
SM
MD
LG