Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:29

Кыргызстанда орточо айлык акы 15 700 сом деп эсептелди


Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстандагы орточо айлык акынын өлчөмү 15 752 сом (226 доллар) деп жарыяланды. 2017-жылы орточо айлык акы 14 800 сом деп эсептелген.

2018-жылдын май айындагы эл аралык уюмдардын маалыматында Борбор Азиядан Казакстанда орточо айлык 480 доллар, Түркмөнстан 320 доллар, Өзбекстан 235 доллар, Кыргызстанда 220 доллар, Тажикстан 110 доллар деп эсептелген.

Дүйнөлүк рейтингдин сап башында Швейцария, Норвегия жана Люксембург турат. Бул мамлекеттерде орточо айлык акы 3,5 миң доллардан көп. АКШда 3 120 доллар, Орусияда 615 доллар. (TSh)

XS
SM
MD
LG