Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:11

Абсаттаров: мэрдин жарандыгы тууралуу маалыматтар жалган


Таалай Сарыбашев.
Таалай Сарыбашев.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын башчысы Азамат Абсаттаров Оштун мэри Таалай Сарыбашевдин жарандыгына байланыштуу Интернетте тарап жаткан маалыматтар боюнча “Азаттык” радиосуна пикирин айтты:

- Ошондой маалыматтар чыгып жатат. Мен мэрден сурасам ал жалган экенин айтты. Демек бул маалыматтар чындыкка дал келбейт десек болот.

Учурда айрым жергиликтүү сайттарда жана социалдык тармактарда Ош шаарынын башчысы Таалай Сарыбашевдин Орусия жарандыгы бар экени тууралуу маалыматтар тарап, кызуу талкууланып жатат.

Өлкөдө саясат, спорт, ишкердик чөйрөсүндө кош паспорт менен же аты-жөнүн, туулган жылын өзгөртүп алгандар көп экени айтылып эле жүрөт. Жөнөкөй жарандар арасында деле эки өлкөнүн паспортун алып жүргөндөр бар болгону менен, ачык айтып чыгышпайт. (TSh)

XS
SM
MD
LG