Линктер

ишемби, 15-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 12:34

Прокурордун өлүмүнө шектүү сурак берип жатат


Анарбай Мамажакыпов.

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө байланыштуу облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси сурак берип жатат. Бул тууралуу милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат. Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен иш козголду.

Маркум 17-ноябрда азыр сурак берип жаткан жетекчи менен чогуу жүргөнүн көргөн күбөлөр бар. Ички иштер министрлигиндеги ишенимдүү булактар Мамажакыповдун жанында райондогу башка прокурорлор да болгонун айтышты.

43 жаштагы прокурордун сөөгүн жакындары Чоң-Алай айылына алып кетишти. (JsA/TSh)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG