Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 12:39

Алматыда "Шакен Айманов" кинофестивалы өтүүдө


Ачылыш аземде Шакен Аймановдун элеси чагылдырылган кинохроника көрсөтүлдү. 17-ноябрь, 2018-жыл.

Алматыда казак киносунун негиздөөчүсү Шакен Аймановдун атындагы эл аралык кинофестиваль өтүүдө. Ал буга чейин "Шакендин жылдыздары" деген аталышта уюштурулуп, борборазиялык жаш киночуларды жана дебюттук фильмдерди колдоп келген.

Конкурстук программа үч бөлүктөн турат. Ар бири Шакен Аймановдун белгилүү чыгармаларынын аталышынан коюлган.

"Кесилиш" бөлүгүндө дүйнөнүн булуң-бурчунан келген толук метраждуу тасмалар көрсөтүлөт. Ал эми "Аталардын жери" конкурсунун калыстар тобуна кыргызстандык депутат, кинорежиссер Садык Шер-Нияз жетекчилик кылууда. Мында түрк тилдүү өлкөлөрдүн кинолору көрсөтүлөт.

"Биз бул жерде жашайбыз" аттуу бөлүгүндө казак киночуларынын даректүү жана ойномо фильмдери сынга коюлду.

Конкурстан тышкары көрсөтүлчү кинолор арасында Кыргызстандын “Курманжан Датка” тасмасы бар.

Фестивалдын алкагында “Айтматов жана кино” аттуу жыйын да өткөрүү пландалган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG