Украинанын мурдагы президенти Виктор Янукович Москвада, Склифосовский атындагы тез жардам институтуна жаткырылды. “Ал ушул тапта кыймылдай да албайт” деп адвокаты Александр Хорошинский билдирди.
Янукович теннис ойноп жатканда омурткасы менен тизесинен катуу жаракат алганы кабарланды.
Буга байланыштуу 19-ноябрдагы сотко видеобайланыш аркылуу катышып, акыркы сөзүн айтууга мүмкүнчүлүгү болбойт. Адвокаты Янукович үч жумадай ооруканада болорун болжолдоп, сотту ошондон кийинкиге жылдырууга аракет кылууда.
Мурдагы президент “мамлекеттик чыккынчылыкка”, "Украинанын аймактык бүтүндүгү менен суверенитетин атайылап бузууга", Майдандагы элге "ок атууга буйрук берүүгө" айыпталып жатат. Прокурорлор ага өмүр бою камак жазасын сурашкан.
Украина менен Евробиримдиктин кызматташтыгын бекемдеген Ассоциациялык келишимге Янукович 2013-жылдын ноябрында кол койгон. Бирок Москванын кысымынан кийин президент андан баш тартканы нааразылык акцияларга түрткү болуп, 2014-жылдын башында Януковичтин бийлиги кулатылган.