Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:46

Үч-Коргон ГЭСинде авария болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Үч-Коргон ГЭСинде №2 гидроагрегат иштен чыкты. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасы кабарлады. Андан алынган маалыматка ылайык, 45 МВт электр кубатын берген тетик оңдолуп жатат. Энергетиктер тетикти ондоого керектүү каражаттар бар экенин белгилеп, "бул авария электр колдонуучуларга ыңгайсыздык жаратпайт" деп билдирүүдө. “Электр станциялары” ишканасынын маалыматы боюнча, учурда 250 МВт электр энергиясы резерв катары өндүрүлүп жатат.

Нарын дарыясына курулган Үч-Коргон ГЭСи 1961-жылы курулган. Анын кубаттуулугу 180 МВт же жылына 820 миллион КВт/саат электр энергиясын өндүрөт.

Акыркы суткаларда өлкө боюнча 58 миллион 146 миң кВт/саат электр энергиясы өндүрүлгөн. Бул сан былтыркы жылдын ушул маалына караганда 10 миллион кВт/саатка көп. (BkA)

XS
SM
MD
LG