Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:27

Алмазбек Атамбаев: Илмияновду оозун жабуу максатында камашты (видео)


Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин "Апрель" телеканалына маек берип жаткан учуру.
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин "Апрель" телеканалына маек берип жаткан учуру.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 19-ноябрда "Апрель" телеканалындагы маегинде Икрамжан Илмияновдун камалышына байланыштуу комментарий берди.

"Икрам ага акча керек болсо менден алса болоорун дайыма эле билген. Анткени ал менин бай экенимди, байлыгымдын таржымалын билген. Балким ал кайсы бир маселелерди, кадр маселелерин чече аларын көрсөткүсү келгендир. Азыр ал кадр маселелерине кийлигишкен деген ушактар бар. Бирок мен анын пара алганына ишенбейм. Аны пара алганы үчүн же кандайдыр бир коррупциялык иштерге байланыштуу камалганына ишенбейм. Илмияновду акыркы президенттик шайлоонун көмүскө жактары тууралуу көп нерсе билгени үчүн анын оозун жабуу максатында камашты. Ал тирүү турса бир күнү түрмөдөн да чыгат, ошондо ал болгон чындыкты айтат деп ишенем" деди Атамбаев.


Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамы катары айтылып жүргөн Икрамжан Илмиянов 20-октябрда Орусияда кармалган. Ага Башкы прокуратура 28-сентябрда Кылмыш-жаза кодексинин бир канча беренелери менен кылмыш ишин козгогон. Илмиянов былтыр президенттик шайлоо өнөктүгү маалында "Дизель комплект" аттуу компаниянын өкүлдөрүнөн 150 миң доллар пара алган деп айыпталып жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG