Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:26

Атамбаев: Тарых музейин оңдоого Путин жардам берген


Тарых музейи.
Тарых музейи.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Тарых музейин оңдоп-түзөө үчүн каражатты өзү тапканын, ага Түркиянын ТИКА уюмунан башка Орусия президенти Владимир Путин жардам бергенин билдирди. Ошондой эле мурдагы президент гранттык каражаттан уурдагандар болсо, жоопкерчиликке тартылышы керек экенин белгиледи.

Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев "Апрель" телеканалына берген маегинде айтты. Анын телеинтервьюсу 19-ноябрда кечки саат тогузда көрсөтүлө башталды.

Улуттук Тарых музейинин оңдолушуна байланыштуу жаңы жагдайлар быйыл май айында ачыкка чыккан.

"Ата Мекен" фракциясы 25-майда музейди оңдоого акча сарамжалсыз жумшалганын, жабдуу, эмерек жана экспонаттар өтө кымбат баада сатылып алынганын жарыялаган.

Жыгачтан жасалган 58 даана инсталляциянын ар бири 600 доллардан, аттын эки жыгач калыбы 14 миң евродон бааланганы айтылган.

28-майда УКМК музейди реконструкциялоо боюнча бюджеттик каражаттарды туура эмес жана максатсыз пайдалануу тууралуу текшерүү жүргүзө баштаганын билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG