Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:30

Шыкмаматов: Атамбаев Текебаевди каматканын мойнуна алды деп түшүндүм


Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев жөнүндө айтканы боюнча “Азаттык” радиосуна комментарий берди:

- Туура эмес кылганын мойнуна алды. Бирок ачык айта алган жок. Анткени эгерде ачык эле "Текебаевди ак жеринен каматып ийдим" десе, анда кылмышты өзү мойнуна алып алмак да. Сот, прокурор эмес өзү каматканын мойнуна алды. Бирок "ак жеринен" дегенге батына алган жок. Себеби репрессия кылып, ак жеринен каматкан киши кылмышкер да. Далайды көргөн саясатчы катары кылмышты мойнуна алып албайын деп, ошентип кутулду. Бирок, түшүнгөн кишиге сөздүн ток этээр жери "Текебаев ак жеринен отурат" деди.

20-ноябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев "Апрель" телеканалындагы маегинде камактагы "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев тууралуу суроого мындайча жооп берген:

- Текебаевге байланыштуу мыйзамды карабай деле койсом болмок экенин мойнума алам... Мыйзам боюнча ал жерде баары далилденген, Текебаевдин деле тарапкерлери ошол миллион тууралуу сөз кылышкан. Бирок мен андай кылбай деле койсом болмок экен. Мен күч органдарына "баарын мыйзам чегинде жасагыла" деп талап койчумун.

"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев жана анын партиялашы, мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов "Коррупция" беренеси менен айыпталып, былтыр февраль айында камалган. Аларга "орус жараны Леонид Маевскийден 1 миллион доллар пара алган" деген айып тагылган. Сот экөөнү тең сегиз жылга эркинен ажыраткан. Саясатчылар айып-дооматтын баарын четке кагып, саясий куугунтуктун курмандыгы экенин айтып келишет.

Өткөн аптада Маевский "бирөөнү жаманатты кыла турган маалыматты ачыкка чыгарбаш үчүн жабырлануучулардан ири суммадагы акча талап кылган" деген айып менен камакка алынды. Азыр "атамекенчилер" жана айрым саясатчылар Текебавдин иши кайра каралышы керек экенин айтып жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG