Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:40

Эркебаев: Жээнбеков менен жолугушууда азыркы саясий абал кеп болушу мүмкүн


Сооронбай Жээнбеков жолугушуулардын биринде.
Сооронбай Жээнбеков жолугушуулардын биринде.

Бүгүн, 20-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын мурдагы премьер-министрлери жана Жогорку Кеңештин экс-төрагалары менен жолугат. Жолугушууда президент алар менен өлкөдөгү саясий кырдаал боюнча пикир алмашат. Иш-чарага журналисттер катышпайт.

Жолугушууга чакырылгандардын бири, парламенттин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаев өлкөдө чуу жаратып жаткан акыркы саясий окуялар тууралуу кеп болот деп эсептейт.

- Эч нерсе болбойт деп айта албайм, - деди ал. - Ар кандай көз караштагы адамдар барат. Себеби, олуттуу маселе болуп жатат. Ошолордун чын-төгүнү аныкталышы керек.

Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиеванын айтымында, иш-чарага бардык мурдагы премьер-министрлер менен Жогорку Кеңештин экс-төрагалары чакырылды. Алардын арасында буга чейин сот жообуна тартылган экс-премьер Игорь Чудинов, парламенттин экс-төрагасы Акматбек Келдибеков да бар.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков БУУнун баш катчысынын жардамчысы Мирослав Енча менен жолугушууда өлкөдөгү бардык күчтөрдүн башын бириктириш үчүн мурдагы парламент жана өкмөт жетекчилери менен жолугарын жарыялаган эле.

Кыргызстан эгемендик алганы 30 жолу өкмөт алмашып, 24 премьер-министр аткаруу бийлигин башкарган. Алардын арасында кийин президент болгон Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков да бар.

Ыңкылаптардан соң кылмыш иши козголуп, Курманбек Бакиев, Данияр Үсөнов жана Николай Танаев өлкөдөн чыгып кеткен. Былтыркы шайлоодон кийин экс-премьер Өмүрбек Бабанов да Кыргызстандын сыртында жүрөт. Ал эми Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында учурда эки экс-өкмөт башчысы: Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиев камакта отурат.

Өлкө эгемендик алганы Жогорку Кеңешке он жети адам спикер болгон. Алардын ичинен Усуп Мукабаевдин көзү өтүп кетсе, Өмүрбек Текебаев азыр түрмөдө. (TSh)

XS
SM
MD
LG