Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:39

Нарын Айып: Атамбаев азыркы саясатка таасир эте албайт


Нарын Айып.
Нарын Айып.

Белгилүү журналист Нарын Айып мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин саясатта кала турганы боюнча пикирине ушундай оюн билдирди.

- Анын таасири мурда деле болгон эмес. Бийликтин күчү менен гана таасир этип жүргөн. Коомго таасир эткиси келген адам кадыр-баркка ээ болушу керек. Сөзү адилет болушу керек. Эми бийлигин жоготконун түшүнбөй жатат. Анда эч кандай таасир калган жок.

Быйыл жаздан бери маалымат каражаттарынын суроолоруна жооп бербей келаткан экс-президент Алмазбек Атамбаев 19-ноябрда "Апрель ТВ" каналына маек куруп, саясатта кала турганын маалымдады.

- Мен саясатта президент, премьер же спикер болом деп жүргөн жокмун. Мен Бакиевдер кайтып келишин каалабайм. Конституциялык реформаны ишке ашыргым келет. Ошол үчүн мен саясатта калууга аргасызмын. Мен негизи башка нерсе - тарых, тил, бизнес менен алек болоюн дегем. Азыр өлкөдө абал ошол Бакиевдин жолуна түшүп кетиши мүмкүн. Мен саясатчылардын жаңы муунуна жардам бериш үчүн калып жатам. Парламенттик мамлекет болушун каалайм, - деди Атамбаев.

Азыркы президент Сооронбай Жээнбеков жана анын аппараты Атамбаевдин соңку билдирүүсүнө байланыштуу азырынча үн ката элек.

XS
SM
MD
LG