Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:20

Жээнбеков: саясий элита бирин бири сыйлаганды үйрөнүшү керек (видео)


Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттин мурдагы төрагасы Медеткан Шеримкулов менен учурашып жаткан кези.
Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттин мурдагы төрагасы Медеткан Шеримкулов менен учурашып жаткан кези.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын саясий элитасы бирин бири сыйлаганды жана укканды үйрөнүшү керек деп эсептейт. Мындай пикирин ал 20-ноябрда Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары менен жолугушкан учурда билдирди.

Мамлекет башчы саясий элита конструктивдүү кызматташканда гана өлкөдө өнүгүү жана ынтымак болорун белгиледи.

«Азыр Кыргызстанда бардык коомдук-саясий күчтөрдүн катышуусу менен чече турган олуттуу маселелер көп. Сиздер ушул маселеде данакерлик вазийпаны аткара аласыздар деп ишенем», — деди Жээнбеков.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматы кабарлагандай, мамлекет башчы келечекте сырткы жана ички саясатка тиешелүү түмөндөгөн чакырыктар күтүлүп жатканын да айтты.

Жээнбеков жарандык коомдун, саясий күчтөрдүн жана мамлекеттик башкаруу органдарынын ортосундагы диалогду, кызматташтыкты илгерилетүүгө даяр экенин, жеңил пиардан жана пайдасыз чыр-чатактардан алыстыгын, сындан да качпай турганын кошумчалады.

Жолугушууга экс-төрагалар Медеткан Шеримкулов, Алманбет Матубраимов, Мукар Чолпонбаев, Абдыганы Эркебаев, Алтай Бөрүбаев, Ишенбай Кадырбеков, Муратбек Мукашев, Марат Султанов, Адахан Мадумаров, Айтибай Тагаев, Зайнидин Курманов, Ахматбек Келдибеков жана Чыныбай Турсунбеков келди. Ошондой эле жыйынга мурдагы премьер-министрлер Турсунбек Чынгышев, Апас Жумагулов, Кубанычбек Жумалиев, Амангелди Муралиев, Феликс Кулов, Азим Исабеков, Игорь Чудинов, Жоомарт Оторбаев жана Темир Сариев да катышууда.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 19-ноябрда "Апрель ТВ" каналы менен маек куруп, азыркы бийликти "Бакиевдин жолуна түштү" деп айыптады. Буга президент Сооронбай Жээнбековдун командасы жана президенттин аппараты азырынча комментарий бере элек. (SE)

XS
SM
MD
LG