Жалал-Абаддын Сузак районунда ылаңдаган малдын этин жеген 3 адам күйдүргү (Сибирь жарасы) диагнозу менен ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө боюнча райондук борбордун башкы дарыгери Сооронбек Ташкенов билдирди.
Андан алынган маалыматка ылайык, Таш-Булак айылынын тургуну ылаңдаган малын союп, 3-ноябрь күнү 6 үй-бүлөгө тараткан. Эттен оору жуктурган кишилер 17-ноябрда гана ооруканага кайрылышкан.
-Учурда айылдын 187 тургуну медициналык кароодон өткөрүлүп, дары-дармектер таратылып жатат, – деди Таштанбеков.
Быйыл августта Сузактын Доскана айылында да күйдүргү катталып, бир адам ооруканага жатып чыккан.
Күйдүргү - жаныбарлардан жугуучу дарт. (RsK)