Македониянын Тышкы иштер министрлиги Венгриянын Скопьедеги элчисин чакыртып, Будапештке качып барган мурдагы премьер-министр Никола Груевскиге саясий баш калка бербөөнү талап кылды.
Министрликтин 19-ноябрда жарыяланган билдирүүсүндө Македониянын мамлекеттик катчысы Виктор Димовский элчи Ласло Дукеске “нааразылык нотасын” тапшырганы айтылат.
Анда мажар бийлигин “достук мамиленин жана европалык баалуулуктардын маңызын бузбай”, мурдагы премьерди өткөрүп берүү талабы айтылат.
Македониянын Ички иштер министрлиги билдиргендей, коррупцияга айыпталып эки жылга абакка кесилген Груевскийди камакка алуу боюнча 12-ноябрда соттун чечими чыккан. Груевский Венгриядан баш калка сурап жатканын "Фейсбуктагы" баракчасына 13-ноябрда жарыялады.
Оппозициядагы VMRO-DPMNE партиясынын мурдагы лидери Груевскийге сот өкүмү май айында чыккан. Ал 600 миң еврого бааланган кымбат автоунааларды сатып алууда Ички иштер министрлигинин расмий өкүлдөрүнө таасир көргөзгөн деп айыпталган.
48 жаштагы Груевский 2006-2016-жылдары Македониянын өкмөтүн башкарган. Ал өзү "саясий куугунтукка кабылганын" айтып келет.