Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:54

ММК: Хашогжинин айынан Саудиянын ханзаадасы алмашышы ыктымал


Cауд ханзаадасы Мухаммед бин Салман маркум Жамал Хашогжинин уулу Салах менен жолуккан учур. Эр-Рияд, 23-октябрь, 2018-жыл.
Cауд ханзаадасы Мухаммед бин Салман маркум Жамал Хашогжинин уулу Салах менен жолуккан учур. Эр-Рияд, 23-октябрь, 2018-жыл.

Сауд Арабиясында падышалык үй-бүлөнүн ондой мүчөсү журналист Жамал Хашогжинин (Хашогги) өлүмүнөн кийин ханзаада Мухаммед бен Салманды тактан кулатууга жол бербөөнү суранышты. Бул тууралуу “Reuters” агенттиги өз булактарына таянып жазды. Жалпыга тараган маалыматка караганда, АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгы – ЦРУ журналистти өлтүрүүгө ханзаада өзү буйрук берген деп эсептейт.

Падышалык үй-бүлө Мухаммед бин Салмандын ордуна анын бир тууганы Ахмедди колдоону туура көрөт. Маалымат агенттиктери Ахмеддин талапкерлигин Батыш өлкөлөрү да жактырарын жазып чыгышты.

Сауд бийлиги журналист Жамал Хашогжи 2-октябрда Стамбулдагы башкы консулдугунда өлтүрүлгөнүн моюнга алган, бирок анын сөөгүн көрсөтө элек. Расмий Эр-Рияд бул окуяга сауд падышалыгынын тиешеси жок экенин белгилеп жатат.

АКШ Саудиянын мураскер ханзаадасы Мухаммад бин Салмандын жогорку даражалуу жардамчылары баш болгон 17 саудиялык жаранга санкция салган.

59 жаштагы Хашогжи 2017-жылдан бери АКШда жашап, Саудия падышалыгын, өзгөчө ханзада Мухаммед бин Салманды кескин сынга алып келген. Ал Саудиянын Стамбулдагы консулдугуна түрк жараны Хатиже Жеңгизге үйлөнүш үчүн документтерин тууралоо максатында барган.

XS
SM
MD
LG