Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Баткен: прокуратуранын беш жетекчиси жумуштан убактылуу четтетилди


Баткен шаары.
Баткен шаары.

Баткен облустук прокуратурасынын беш жетекчиси иштен убактылуу четтетилди. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын өкүлү Жаркынай Азиева "Азаттыкка" билдиргендей, мындай чечим Баткен облусунун мурдагы прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнүн чоо-жайын иликтөөгө байланыштуу кабыл алынды.

Иликтөө бүткүчө кызматтан убактылуу четтетилгендер - облустук прокурордун эки орун басары, эки бөлүм башчы жана Баткен районунун прокурору.

Баткен облусунун мурдагы прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү 18-ноябрда Баткендеги тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрүү” беренеси менен иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Маркум ал күнү санаалаштары менен аңчылыкка чыкканы кабарланган. Анын өлүмү боюнча шектүү катары облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Мелис Калыков кармалып, эки айга камалган.

19-ноябрда Баткен облусунун прокурорунун милдетин аткаруучу болуп мурда Башкы прокуратурада иштеген Ороз Бердибаев дайындалган.

XS
SM
MD
LG