Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:35

Прокурордун өлүмү: табышмактуу жагдайлар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгону коомчулуктун үрөйүн учурду. Мурдараак ушул эле аймакта айылдык кеңештин төрагасын да белгисиз бирөөлөр атып кеткени чуу жараткан. Баткенге жакын Ошто да прокурор асынып алган.

Кандуу окуялар эмне үчүн кайталанып жатат? Кылмыштын төркүнү кайда? Бул суроолорго “Азаттык” эркин серепчилер менен чогуу жооп издеди.

Албетте, кеп болуп жаткан кылмыштарга байланыштуу көп маалыматтарды укук коргоо органдары “тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн” деп ачыкка чыгарбай турат. Азырынча шектүүлөр жана суракка чакырылгандар тууралуу гана учкай маалыматтар бар. Бирок социалдык тармактарда жана коомчулукта кандуу окуялардын кайталанышы анын төркүнү тууралуу жоромолдогондор көбөйдү.

Маселен, Баткен облусунун киши колдуу болгон прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүн анын кесиптештери менен келишпестигинин натыйжасы катары жазгандар чыкты. Бул окуяны коррупция менен күрөш жана аймактагы криминалдык жагдай менен да байланыштаргандар бар.

Баткендик укук коргоочу, жарандык активист Роза Маманова Мамажакыповдун өлүмү боюнча түкшүмөлдөрү менен бөлүштү:

- Мен 18-октябрда өз ишиме байланыштуу даттануум менен Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун кабыл алуусунда болдум эле. Ал менин ишим жөнүндө да айтып келип, аягында “биринчи кезекте өз кесиптештерим, прокурорлор менен күрөшүп жатам” деп айткан. Өзүңүздөр билгендей, Баткенде Латыпов, Жумабаев деген облпрокурорлор кеткенден кийин алардын орун басарлары таптакыр алмаштырылган эмес, ал жердеги кызматкерлер иштен кеткен эмес. Прокуратура кылмышты иликтөөчү эмес, жөн гана аны жаап-жашырып коюучу органга айланып калган. Бул кызматта коррупция деген көп. Негизи Баткен ири наркотрафиктин жолу экенин билесиңер, балким прокурордун өлүмү ушуну менен да байланыштуу болушу мүмкүн. Менимче Мамажакыпов чоң бир коррупцияны жашырууга макул болбой койгону үчүн аны жок кылып жиберишти.

Баткенде, мындан башка дагы чуу жараткан окуя мындан он күнчө мурдараак катталган. Лейлек районунун Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Кубаныч Баяновду өз үйүнүн жанынан 6-ноябрга караган түнү белгисиз бирөөлөр атып кеткен. Коңшулаш Тажикстандын Гафуров шаарындагы ооруканага жеткирилген жабырлануучу эки операциядан кийин эсине келбей 17-ноябрда көз жумду.

Эки окуя тең чек арага жакын аймакта болгону түрдүү суроолорду жаратты. Анткени бул облуста криминогендик абал курч жана баңгизатка байланыштуу жагдай опурталдуу.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов өз ойлорун ортого салды:

Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

- Бул абдан өкүнүчтүү окуя. Бул кылмышка эмне себеп болгон, ага кимдер кириптер болгон - анын баарын тергөө иликтеп чыгат. Бирок божомол көп. Балким алар талаада жөн эле ичип алып, анан чырдашып кетиштиби деген ойго келесиң. Чогуу жүргөндөр кокустан өлтүрүп алып, анан коркуп кетип, кылмышты жашырыш үчүн аны өрттөп жиберишкендир. Бул окуяда баңгизат, аткезчилик менен шугулданган криминалдык топтордун аралашуусу да ыктымал. Анткени акыркы жылдары Баткен ушул жагынан өтө криминалдашып жатканы байкалууда. Жергиликтүү кеңештин депутатын атып кеткени деле ушул сыяктуу бир себептен болушу мүмкүн. Ушул окуялар кайсы бир деңгээлде жергиликтүү бийликтин жана күч түзүмдөрүнүн алсыздыгын көрсөтүп турат. Ошондуктан бул окуялар аймакта ыкчам кырдаалды кескин көзөмөлгө алыш керек экенин билдирет.

Мындан эки айдай мурдараак прокурорго байланыштуу кандуу окуя Ошто катталган. 10-сентябрь күнү Ош облустук прокурорунун орун басары Төрө Кожошев Ош шаарынын четиндеги Медресе айылындагы өз үйүндө асынып алган.

Башкы прокуратура анын асынып алганын тастыктаганы менен, кылмыш ишин козгогон жок. Медициналык экспертиза жасалган эмес, өлүмүнүн себептери да айтылбады. Деген менен Оштогу прокуратурага жакыныраак чөйрөдөгү бир катар адамдар прокурордун өлүмүн артында да табышмактуу жагдайлар бар экенин айтып келишет. Жергиликтүү адвокат Айсалкын Карабаева мындай деди:

- Катардагы милициянын кызматкери асынып өлүп алса да “анын артында кандайдыр бир себеп болушу мүмкүн” деп денесине экспертиза жасалат. Бул жерде Ош облусунун прокурорунун орун басары асынып алды. Ага экспертиза дайындалган жок, териштиришкен жок, жөн эле алып барып жерге бере салышты. Прокурор деген чоң кызмат да, ал кантип эле жөндөн-жөн барып өлүп алсын? Экспертиза жасап, өлүмүнүн себебин аныкташ керек. Антпегендин өзү шек туудурган жагдай болуп турат. Менин жеке оюмда Ошто кылмыштуу топтор, криминалдык күчтөр жана прокуратура, укук коргоо органдары үзөңгүлөш эле жүрөт. Ошондуктан буга окшогон кылмыштардын бетин ачуу өтө зарыл.

Канткен күндө да эки прокурордун жана бир жергиликтүү депутаттын өлүмү Ош менен Баткенде эле эмес, бүтүндөй Кыргызстанда түрдүү талкууларга жем таштады. Бири бул окуяларды бийлик өкүлүнө кол салуу катары баалашса, айрымдары муну кадимки кылмыштардын бири катары сыпатташат.

Укук коргоо жаатындагы эксперттер болсо кийинки убактагы кандуу окуялар прокурорлорго жана башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине сабак болушу керек деп эсептешет. Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова буларга токтолду:

Аида Салянова.
Аида Салянова.

- Прокурордун өлүмүнүн себептери боюнча эч нерсе айта албайм. Аны тергөө органдары аныкташы керек. Бирок бул жерде сабак ала турган бир-эки жагдай бар да. Биринчиден, прокурорлор өздөрү көзөмөлгө алган органдардын кызматкерлери менен карым-катнашты чектеш керек. Мен башкы прокурор болуп турганда бардык кызматкерлерди тойлорго да барбоого, ичкилик ичпөөгө үгүттөчүмүн. Биринчиден, этика маселеси, экинчиден, прокурорлордун жеке коопсуздугуна да байланыштуу. Прокурорлор ич ара чогулса, бул жөнүндө жетекчилер да кабардар болушу керек. Бүгүнкү күндө прокуратура коррупция менен күрөшүүдө эң негизги орган болгондуктан мындай чаралар маанилүү деп ойлойм.

Бийлик өкүлдөрүнө жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кылмышкерлер кол салган, атып кеткен учурлар Кыргызстанда буга чейин да катталган. Бирок ал окуялар көбүнчө алардын кесиптик ишмердүүлүгү байланыштырылып келчү. Алардын эң белгилүүсү полковник Шоноевдин өлүмү болгон.

ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш боюнча түштүк башкармалыгынын бөлүм башчысы Толкунбек Шоноев 2013-жылы үйүнүн жанынан киши колдуу болгон. Шоноевге тогуз жолу ок атылып, анын бешөө денесин тешип кеткен. Алгач бул кылмышка айыпталган “Женго” деген каймана ат менен белгилүү Оштогу кримчөйрөнүн анабашы атыккан Кадыр Досонов кийин кайра акталып кеткен.

Прокурордун өлүмү: ар кыл пикирлер
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:44 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG