Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:29

Интерполдун жетекчисин шайлоодо басым күчөдү


Интерполдун эн белгиси.
Интерполдун эн белгиси.

21-ноябрда Дубайда Интерполдун Башкы ассамблеясында 192 өлкөнүн башын бириктирген уюмдун жаңы жетекчиси тандалмакчы. "Төрагалыкка орусиялык генерал Александр Прокопчук келиши ыктымал" деген маалыматтар тараган соң бул талапкерге каршы үндөгөндөр күчөдү. "Москва саясий оппоненттерине каршы күрөштө эл аралык агенттикти пайдаланат" деген дооматтар буга чейин көп айтылып келген.

"Орусиянын Ички иштер министрлигинин ардагер кызматкери, Интерполдун вице-президенттеринин бири Александр Прокопчук Эл аралык полиция уюмунун башына келиши мүмкүн" деген маалыматты британ гезиттери жазып чыгышты.

Бүгүнкү добуш берүүдө Косово эл аралык уюмга үчүнчү ирет мүчө боло албай калды. 68 мамлекет анын талапкерлигин колдосо, 51 өлкө каршы чыкты. 16 мамлекет арсар добуш берди. Уюмга мүчө болуш үчүн жалпы добуштун үчтөн экисин алуу зарыл.

Баш кеңсеси Франциянын Лион шаарында жайгашкан уюм өз курамындагы мамлекеттерге кылмышка шектүү кишилерди издеп табууга көмөктөшөт. Агенттик өзү кимдир-бирөөнү камакка ала албайт.

Уюмдун уставы ошондой эле саясий, диний, расалык мүнөздөгү иштер менен алектенүүгө жана андай маселелерге кийлигишүүгө тыюу салат.

Интерпол мурдагы жетекчиси Мэн Хунвэй кызматынан кеткенин 7-октябрда жарыялаган. Ага чейин ал сентябрдын аягынан бери мекенине кеткен бойдон бир нече күн дайынсыз болгон.

Кийин Кытайдын бийлиги Мэн Хунвэйге каршы "Коррупция" беренеси менен иш козголгонун билдирди. Ал "кылмыштуу ишмердик менен алектенген" деп шек менен камакта жатат.

XS
SM
MD
LG