Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:10

Интерполдун жетекчиси мекенинде кармалды


Мэн Хунвэй.
Мэн Хунвэй.

Интерполдун жетекчиси Мэн Хунвэй кызматынан кетти. 7-октябрда баш кеңсеси Лиондо жайгашкан уюмдун баш катчылыгы анын арызын кабыл алды. Ага чейин Кытайдын бийлиги Мэн Хунвэйге каршы "Коррупция" беренеси менен иш козголгонун билдирген.

Жекшембиде Кытайдын бийлиги Интерполдун башчысы, сентябрдын аягынан бери дайынсыз болуп жаткан Мэн Хунвэй өз мекенинде кармалганын бышыктады.

Ал "кылмыштуу ишмердик менен алектенген" деп шек саналууда. Бээжин иликтөө жүрүп жатканын билдирүү менен чектелди, конкреттүү кандай айыптар тагылып жатканы айтылган жок. Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Лю Канг буларды айтты:

- Мэн Хунвэй шек саналып жаткан мыйзам бузууну иликтөө Кытай өкмөтү мыйзамдарга негизделген башкарууну, коррупцияга каршы күрөштү улантууга умтулганын көрсөтөт. Пара алуу жана мыйзам бузуу боюнча шек саналып жаткандыктан, Мэн Хунвэй өзү Интерполдун жетекчилигинен кетүү жөнүндө арызын жазды.

Маалыматтарга караганда, аны учактан түшөөрү менен кармап кетишкен.

Интерпол дүйшөмбү күнү Мэн Хунвэйден кызматтан дароо кетүү жөнүндө арыз түшкөнүн билдирди. Аткаминер буга чейин Кытайдын коомдук коопсуздук министринин орун басары болчу. Ал Кытай Коммунисттик партиясында жогорку кызмат ээлейт.

Интерполдун баш кеңсеси Франциянын Лион шаарында жайгашкан, төраганын үй-бүлөсү да ошол жакта жашайт.

25-сентябрда Кытайга кетип, ошондон бери андан кабар ала албаган жубайы Лиондун полициясына кайрылган. Бээжиндин билдирүүсүнө чейин Мэн Грейс күйөөсүнүн өмүрү коркунучта деп тынчсызданып жатканын, жоголуп кеткен күнү адегенде "телефонумду күт" деп жазганын, кийин бычак тартылган белгини жөнөткөнүн журналисттерге айтып берген.

6-октябрда Интерпол өз жетекчисинин тагдырына кабатыр болгонун билдирип, Кытайдын жетекчилигинен түшүндүрмө талап кылган.

Айрым талдоочулар Мэн Хунвэйдин кармалышы тууралуу адегенде коррупцияга каршы мекеме билдиргенине көңүл буруп, аткаминер Кытай лидери Си Цзинпин жүргүзүп жаткан коррупцияга каршы кеңири өнөктүктүн назарына түшкөн болушу мүмкүн деп эсептешет.

Буга чейин да Кытайда бир нече жогорку жетекчилер, миллиардер-ишкерлер, белгилүү адамдар дайынсыз жоголгон учурлар болгон. Кечээ жакында эле таанымал актриса, июлдан бери белгисиз болуп жаткан Фан Бинбин кайрадан эл алдына чыгып, кечирим сурады. Салык төлөөдөн качканы жана башка мыйзамдарды бузганы үчүн актриса 883 миллион юань же 129 миллиондой доллар айып төлөдү.

64 жаштагы Мэн Хунвэй Интерполдун төрагалыгына 2016-жылы ноябрда келген, ыйгарым мөөнөтү 2020-жылы аяктамак. Өзү 40 жылдай баңгизат аткезчилигине, терроризмге, кылмыштуулукка каршы тармактарда иштеп келген.

Эл аралык уюмду жетектөөгө шайлангандан кийин укук коргоочу уюмдар муну менен Кытайдан качкан диссиденттерди куугунтуктоого жол ачылбайбы деген кабатырлыгын билдиришкен.

Интерполдун төрагалык кызматын азырынча Ким Чон Ян аткарып турмакчы. Жаңы жетекчини шайлоо бул эл аралык полициялык уюмдун башкы сессиясында, эмки айда Дубайда болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG