Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:32

Билаш: Кытайда 50 миңден ашык кыргыз камалганы тууралуу маалымат бар


Кытайдагы кыргыздар. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.
Кытайдагы кыргыздар. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.

Кытайда кармалган кыргыздардын саны 50 миңден ашып кетти. Бул тууралуу Казакстандагы кайрылмандар менен иштеген “Ата-Журттун ыктыярдуу жаштары” уюмунун өкүлү, активист Серикжан Билаш "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, аталган уюмга камакка алынган кытайлык кыргыздардын саны тууралуу кабар эки ай мурда келген. Эки айдан берки кармалгандарды эске алганда камакка алынгандар мындан бир топ көп болушу мүмкүн. Билаштын маалыматына караганда, акыркы кездери маалымат каражаттарында "Кытайда жалаң гана мусулмандар, динчилдер кармалып жатат" деген туура эмес кабар тарап жатат.

- Кызыл-Сууда кыргыздардын интеллигенттери, жазуучулар, акындар, гезит-журналардын журналисттери, редактору камалганын эшиттим, - деди Билаш. - Бирок аты-жөнүн, фамилияларын так билбейм. Шинжаңда жалаң гана мусулмандар кысымга учурап жаткан жок. Кытайлар менен дини бир болгон Тибетте жүз миңдеген монголдорду кармап, түрмөгө тыгып атышат. Кытайдын өзүндө миллиондогон христиан-католик евангелисттер бар. Аларды кармап жатышат. Кытайдын өзүндө демократтар да камалууда.

Серикжан Билаш Кытайда камалган казактар беш жүз миңдей экени айтылганы менен иш жүзүндө алардын саны жети жүз миңге жакын экенин кошумчалады.

Расмий маалыматка караганда, Шинжаңдын Кызыл-Суу Кыргыз автоном районунда 160 миңге жакын кыргыз жашайт.

Кыргызстанда да Кытайдан көчүп келген кайрылмандар ал жакта калган жакындары кармалып жатканын айтып келишет. Алардын бир тобу кыргыз бийлиги расмий жооп бербей жаткандыктан, туугандарын табуу аракетинде Казакстандагы “Ата-Журттун ыктыярдуу жаштары” уюмуна кайрылышкан. ​

Шинжаңда миңдеген адамдар "саясий тарбия берүүчү лагерлерде" кармалып жатканы тууралуу кабарлар 2016-жылдан тартып белгилүү боло баштаган. Куугунтукка кабылып жаткандар "саясий тарбия берүүчү лагерлерди" "түрмө, концлагерь" деп атаса, Кытайдын бийлиги “жарандарды кесипке үйрөтүүчү кадыресе борборлор" катары сыпаттап келет.

XS
SM
MD
LG