Жогорку Кеңештин бүгүн, 21-ноябрдагы сессиясында Кыргызстандагы саясий абалды талкуулоо демилгеси көтөрүлдү.
"Республика-Ата-Журт" фракциясынын депутаты Максат Сабиров "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун камакка алууда башкы күбө болгон орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин Москвада камакка алынышы, "тизмегейт" деген аталыш менен белгилүү президенттик шайлоонун акча каражаттарына байланышкан маселелер боюнча депутаттык комиссия түзүү керектигин сунуштады.
Вице-спикер Асел Кодуранова регламентке ылайык, депутаттык комиссия түзүү үчүн фракция же тармактык комитеттердин чечими керектигин айтты. Тиешелүү чечим алып келинсе, депутаттык комиссия түзүлө турганын кошумчалады.
Жыйында "тизмегейт", Маевский боюнча укук коргоо органдарынын жетекчилерин чакырып маалымат алуу керектиги да айтылды.
Буга чейин "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматов Жогорку Кеңештин 22-ноябрдагы сессиясында президенттик шайлоого кеткен каражаттардын тизмесин, жалпы эле өлкөдөгү кырдаалды, "Белизгейт", Леонид Маевский, экс-президент менен азыркы президенттин тирешин талкуулоо тууралуу сунуш бериле турганын билдирген.
Укук коргоочу Нурбек Токтакунов "президент Сооронбай Жээнбековдун борбордук штабы 2017-жылы президенттик шайлоого жумшаган" деген каражаттарынын тизмесин "Фейсбуктагы" баракчасына жакында жарыялаган. Адвокат бул маалыматты былтыр президенттикке талапкердин штабында иштеген, "Жээнбековдон да, Атамбаевден да көңүлү калган" ишенимдүү адам бергенин айтып чыккан.
Токтакуновдун айтымында, Жээнбековдун штабы расмий түрдө Борбордук шайлоо комиссиясына билдиргендей 158 096 175 сом эмес, 1 миллиард 170 265 187 сом жана 6 855 700 доллар иштеткен. Президенттин аппараты муну "фейк" маалымат деп мүнөздөгөн.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев 19-ноябрда “Апрель” каналындагы маегинде 2017-жылы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун штабынын каржы иштери боюнча өкүлү болгон Надира Сатыгул кызы өлкөдөн чыгып кеткенин жарыялаган. (NT)