Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:44

Абжалиев агасы журналисттер жазгандан кийин кызматтан кеткенин билдирди (видео)


Алиярбек Абжалиев.

Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Алиярбек Абжалиев агасы Ыктыярбек Абжалиевдин "Мегаком" мобилдик компаниясынын логистика бөлүмүнүн жетекчилигинен кеткен себебин "Азаттыкка" айтып берди. Ал бир тууганы операция болуп, ооруканада жатканын, ошол жактан арыз жазып бергенин, журналисттерге нааразы экенин билдирди. Анын айтымында, агасынын арыз жазышына маалымат каражаттарына чыгып кеткен кабар себеп болгон.

- Агам Бажы тармагында иштеп, 2-3 облуста жетекчи болгон, - деди ал. - Пенсияда болчу. Кийин 5-6 мекемеге резюмесин берген экен. Анын резюмесин карап, ошол жакка ("Мегакомго") бөлүм башчылыкка чакырышыптыр. Бул бир жума мурун болгон. Эми кечээ аны журналисттер көтөрүп чыкты. Бирок ал да өз оокатын кылышы керек. Аны бирөө бакпайт да. Качканга да, кууганга да Кудай бар. Жакшы жагын да айтыш керек да! "Ушундай деңгээлде иштеген экен, ал бөлүм башчылыкка эмес, "Мегакомго" барса да татыктуу экен" деп. Мурун шоопурлар, жан сакчылар чоң кызматтарга, министрликтерге барса унчукпай отуруп, азыр жаман жагын көрсөтүп жатышат.

​Алиярбек Абжалиевдин бир тууганы Ыктыярбек Абжалиев "Мегаком" деген бренд катары белгилүү "Альфа-Телеком" акционердик коомунун логистика бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалганы 20-ноябрда ачыкка чыгып, аны биринчилерден болуп "Азаттык" жазган.

Ушул эле күнү Ыктыярбек Абжалиев кызматтан өз арызы менен кеткени белгилүү болгон.

Алиярбек Абжалиев - президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы. Анын уулу Жээнбековдун кызына үйлөнгөнү маалым.

"Альфа-Телеком" акционердик коому Кыргызстандагы эң кирешелүү компаниялардын бири. (BTo/NT)

Пикирлерди көрүңүз (23)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG