Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:21

Баткен: жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерине кол салуу болду


Баткен шаары.
Баткен шаары.

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жол коопсуздугун камсыздоо кызматкери кол салуудан жабыркап, ооруканага түштү. Облустук жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын коомчулук менен байланышуу боюнча адиси Чолпонбай Арстанбеков "Азаттыкка" билдиргендей, окуя 19-ноябрда болгон.

Маалыматка караганда, жаракат алган кызматкер жол эрежесин бузган айдоочуну токтоткон учурда ал буйрукка баш ийбей качып кеткен.

Укук коргоо органынын өкүлү анын артынан кууп жеткен. Мас абалдагы айдоочуну кармап, машинесин атайын токтотуучу жайга киргизген учурда ал жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерин бурооч (отвертка) менен көкүрөк тушка сайып жиберген.

Жабыркаган кызматкерге кесиптештери жардамга келип, жол эрежесин бузган айдоочуну кармашкан. Жаракат алган адам ооруканага жеткирилген. Учурда абалы жакшы. Окуя боюнча кылмыш иши козголду.

Акыркы күндөрдө Баткенде кылмыштуу окуялар көп катталууда. 18-ноябрда облустун прокурорунун киши колдуу болгон сөөгү табылган. (JsA)

XS
SM
MD
LG