Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:53

Илим Карыпбеков айдоочулардын талабын орундатты


Илим Карыпбеков.
Илим Карыпбеков.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) башкы директору Илим Карыпбеков айдоочулардын иш таштоосу тууралуу расмий маалымат таратты.

Ал кол алдындагылардын ишке чыгуудан баш тартканын ырастап, нааразы тарап менен жолугуп, алардын талаптарын укканын билдирди. Ошондой эле гараждын башчысы Рерих Абакиров кызматтык териштирүүгө байланыштуу иштен убактылуу четтетилгенин, нааразылыктан кийин бул чечим жокко чыгарылганын кабарлады.

"КТРК жана ага караштуу РРТЦ түзүмдүк мекемесинин автотранспорттук гаражынын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Бул комиссия өз ишин аяктай элек. Комиссиянын иши ар тараптуу, калыс болушу жана тоскоолдуктар болбошу үчүн Рерих Абакировду убактылуу гараждын башкармалыгынан четтетүү тууралуу чечим кабыл алынган. Бул чечим менен макул болбогон шопурлар кызматка чыгуудан баш тартышкан. Шопурлар менен чогулуш болуп бүттү. Алардын дооматтарын угуп, Абакировду убактылуу четтетүү жөнүндө чечим жокко чыгарылды. Гаражды текшерүүгө укук коргоо органдарын жана Эсеп палатасынын адистерин чакыруу жөнүндө чечим кабыл алынды. Шопурлар өз ишине киришти", деп жазылган Карыпбековдун маалыматында.

Бүгүн, 21-ноябрда эртең менен КТРКнын айдоочулары иш таштап, бул кадамды гараждын жетекчиси Рерих Абакировдун иштен алынганы менен байланыштырышкан. КТРКда жалпысынан 48 айдоочу иштейт. (NT)

XS
SM
MD
LG