Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:13

Украина: Майдандагы революциянын беш жылдыгы белгиленип жатат


Киевдин Эгемендик аянтындагы өлкөнүн туусун көтөргөн карыя. 26-февраль, 2014-жыл.
Киевдин Эгемендик аянтындагы өлкөнүн туусун көтөргөн карыя. 26-февраль, 2014-жыл.

Киевдин борборунда адамдар курман болгондорду эскерип, атайын тургузулган эстеликке гүл коюшту. Ошондой эле студенттердин «Эстейбиз» деген жүрүшү уюштурулат.

2013-жылдын 21-ноябрында Украинада саясий бийликти алмаштырган ыңкылап башталган. Нааразылыкка чыккандар бийликтен Евробиримдик менен ассоциациялык макулдашууга кол коюуну талап кылышкан. Кагылыштарда 100дөн ашуун киши курман болгон. Украинанын экс-президенти Виктор Януковичке "куралсыз элди атууга тиешеси бар" деген айып тагылган. Өлкөдө бийлик алмашкандан кийин Янукович Орусияга качып кеткен.

2014-жылдан бери 21-ноябрь Украинада «Улуттук намыстын жана эркиндиктин күнү» катары расмий белгиленет. 2004-жылы дал ушул күнү "апарман (кызгылт сары) ыңкылап" башталган.

XS
SM
MD
LG