Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:01

Садыр Жапаровдун эки тарапкери абактан чыкты


УКМКнын алдындагы нааразылык акциясы. Садыр Жапаровдун тарапкерлерин кармоо учуру. 25-март, 2017-жыл.
УКМКнын алдындагы нааразылык акциясы. Садыр Жапаровдун тарапкерлерин кармоо учуру. 25-март, 2017-жыл.

Камактагы саясатчы, парламенттин мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун эки тарапкери Эркланбек Тагаев менен Манап Бегишев Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 колониядан бошонуп чыкты. Бул маалыматты Жапаровдун жана анын тарапкерлеринин адвокаты Шарабидин Токтосунов "Азаттыкка" ырастады:

- Экөө мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошонуп чыгышты. Мыйзамда "Мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуу" деген берене бар. Белгиленген жазанын жарымын өтөгөн болсо жана эч кандай тартип бузбаса бошотулат. Алар өздөрүнө берилген жаза мөөнөтүнүн жарымын өтөп бүткөнүнө байланыштуу убактысынан эрте абактан чыгышты. Булар төрт жылга кесилген. Тергөө абагында отурган бир күнү эки күн деп эсептелген. Алар жалпысынан эки жыл бир ай отурушту.

Шарабидин Токтосунов кошумчалагандай, учурда абакта Садыр Жапаровдун дагы эки тарапкери бар. Алардын биринин жаза мөөнөтү аяктап калды. Экинчиси сегиз жылга эркинен ажыратылгандыктан, анын чыгышына дагы убакыт бар. Экөө тең №27 колонияда кармалууда.

Быйыл июнда Жогорку сот беш жыл мурда "Караколдогу митингди уюштурган, ошол кездеги губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алган" деген айыптын негизинде камалган саясатчы Садыр Жапаровду он бир жыл алты айга кескен Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырган.

Садыр Жапаров муну бийликтин куугунтугу катары баалап, "соттор саясий буюртманы аткарып жатышат" деп билдирген.

Жапаров 2017-жылы 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалып, УКМКга жеткирилген. Ошол эле күнү УКМК алдында топтолгон анын тарапкерлери милиция менен тирешип, кармалган жүздөй адамдын он экиси камакка алынган. Арасында Садыр Жапаровдун баласы жана бир тууган агасы бар. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 341 ("Бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү"),​ 234 ("Бейбаштык") жана 174 ("Башка мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу") беренелери менен айып коюлган. Бүгүнкү күнгө чейин ошол кезде кармалган он эки кишинин ичинен 10 адам абактан чыкты. (NT)

XS
SM
MD
LG