Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:45

Садыр Жапаров боюнча өкүм күчүндө калды


Садыр Жапаров. 2-август, 2017-жыл
Садыр Жапаров. 2-август, 2017-жыл

Жогорку сот 13-июнда беш жыл мурда Караколдогу "митингди уюштурган, ошол кездеги губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алган" деген айыптын негизинде камалган саясатчы Садыр Жапаров боюнча мурдагы чечимдерди күчүндө калтырды.

Жогорку сот камактагы саясатчы, Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты Садыр Жапаровдун доо арызын кароону 13-июнда улантты. Анда соттук коллегия Биринчи май райондук жана Бишкек шаардык сотторунун чечимдерин күчүндө калтырды.

Чечимди ишти караган соттук коллегиянын төрагасы Кеңешбек Токтомамбетов окуп берди:

- Ачык соттук отурумда Жапаров жөнүндөгү Биринчи май райондук сотунун 2017-жылдын 2-августундагы жана Бишкек шаардык сотунун 2017-жылдын 15-сентябрындагы өкүмдөрүнө карата жабырлануучу Каптагаевдин жана соттолуучу Жапаровдун актоочусу Токтосуновдун көзөмөл даттанууларынын негизинде жазык иш каралып чыкты. Жогорудагылардын негизинде Жазык-процессуалдык кодексинин 374-379-беренелерин, 383-берененин биринчи бөлүгүнүн биринчи пунктун жетекчиликке алып, Жогорку соттун соттук коллегиясы токтом кылат: Жапаров Садыр Нуркожоевич жөнүндөгү Биринчи май райондук жана Бишкек шаардык сотторунун өкүмдөрү күчүндө калсын. Жабырлануучу Каптагаев менен актоочу Токтосуновдун көзөмөл арыздары канааттандырылбасын.

Судьянын мындай чечимди угузганы сот залында Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин ызы-чуусун, нааразылыгын жаратты. Судьялар өкүмдү окуп бүтүп эле залдан чыгып кетишти.

Жапаровдун тарапкерлери "Сотторго наалат!" деп кыйкырып, алар менен күч органдарынын ортосунда тиреш да болуп кетти.

Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов журналисттерге берген комментарийинде Жогорку соттун чечимин мыйзамсыз деп атады.

Шарабидин Токтосунов.
Шарабидин Токтосунов.

- Бүгүн мыйзамсыздыктын мыйзамсыз чечими чыкты. Буга чейинки отурумдарда өз сөзүбүздү курулай эмес, видеотасмалар жана бардык далилдер менен тастыктап бердик. 7-июнда соттордун үстүнөн караган тартип комиссиясы "ишти экинчи инстанцияда кароо учурунда судья Жаңыл Мамбеталы тартип бузган" деп таап, аны жазалап атат. Бирок бүгүнкү сотто биз "кыргызча билбейт" деп каршылык көрсөткөн мамлекеттик айыптоочу келип, эки-үч сөз сүйлөдү. Сот мурдагы чечимдерди күчүндө калтырып койду. Биздин канча деген далилдерибизди мына ушул эки сүйлөм менен жокко чыгарышты. Бул соттор түп-тамырынан бери жоюлмайынча, Кыргызстанда адилеттик болбойт.

Жогорку Кеңешке 2010-жылы алтынчы чакырылышта депутат болгон Садыр Жапаров 2013-жылы Ысык-Көлдөгү Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкка байланыштуу күнөөлөнүп, Кыргызстандан сыртка чыгып кеткен.

2017-жылы 25-мартта чет элден кайтып келатканда кыргыз-казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 2-августта аны Кылмыш-жаза кодексинин 113 ("Киши өлтүрүү аракети"), 341 ("Бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү") жана 234-беренелери ("Бейбаштык") боюнча толук актап, 227-беренеси ("Бийлик өкүлүн барымтага алуу") боюнча күнөөлүү деп тапкан. Аны сот он бир жыл, алты айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен.

Жапаровдун соту: өкүмгө нааразылык
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:48 0:00

Буга макул болбогон адвокаттар жогорку инстанцияга даттанып, бирок шаардык сот мурдагы өкүмдү өзгөрткөн эмес. 13-июнда Жогорку сот чечим чыгарарда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы мурдагы өкүлү, жараянда жабырлануучу катары көрсөтүлгөн Эмилбек Каптагаев 2013-жылдагы окуялар боюнча козголгон кылмыш ишине далилдер жоктугун айтып, Жапаровду актоону өтүндү.

Бирок Башкы прокуратуранын кызматкери, мамлекеттик айыптоочу Алишер Рустамбаев Жапаровдун кылмышы далилденгенин белгиледи:

- Тергөөдө жана соттук отурумда бүт далилдер аныкталган. Иш биринчи инстанцияда каралып жатканда күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү толук далилденген. Жабырлануучу Эмилбек Каптагаевдин Жогорку соттун отурумунда берген көрсөтмөсүнө сын көз менен кароону, мурдагы чечимдерди күчүндө калтырууну суранам.

Садыр Жапаровдун тарапташтары
Садыр Жапаровдун тарапташтары

Садыр Жапаров өзүнө карата козголгон кылмыш ишин "бийликтин куугунтугу" деп мүнөздөп келет. Бир тууганы Дөөлөт Жапаров Жогорку соттун чечимине нааразы болуп, аны Кумтөр боюнча саясатчы көтөргөн маселелер менен байланыштырды:

- Соттор "чечимди төрт баланын көрсөтмөсү менен күчүндө калтырдык" деп атышат. Мына, төрт баланын Жогорку сотко жазган кайрылуусу. Төртөө тең "бизди УКМКнын кызматкерлери "Садыр Жапаровго каршы көрсөтмө берсеңер силерди чыгарабыз" дешти" деп айтып жатышат. Алардын көрсөтмөсүнүн негизинде Садыр Жапаровду соттоп, буларды бошотуп жиберишти. Бирок төртөө бошоп чыккандан кийин өздөрү бизге келип, "бетибизге чиркөө болбосун, чындыкты айтып коелу" дешти. Жалган көрсөтмө бергендерин жазуу жана видео түрүндө айтып беришти. Биз аны сотко бергенбиз. Аны сот караган жок.

Садыр Жапаровдун ишин тергеген УКМК буга чейин жалган көрсөтмө алынган деп айтылгандарга комментарий берүүдөн баш тарткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG