Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:47

Үмөталиева: Чыныгы саясатчы мунапыс сурабайт


Токтайым Үмөталиева.
Токтайым Үмөталиева.

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева кийинки убакта мурдагы бийлик тушунда соттолгон саясатчыларга мунапыс берүү боюнча жүрүп жактан талкууларга өз пикирин билдирди. Анын божомолунда, камакта жаткан саясатчылар мунапыс колдонуп, эркиндикке чыгууга макул болушпайт.

- Ачык айтайын, мунапыска накта саясатчы барбайт, - деди Токтайым Үмөталиева. - Өзүнүн укугун коргойм, актыгымды далилдейм деген саясатчылар мунапыс сурашпайт.

Укук коргоочу азыркы бийлик элге сөзү өткөн коомдук ишмерлерден, саясатчылардан, юристтерден турган топ түзүп, камакта отурган саясатчылардын ишин кайра иликтеп “саясий мунапыс” колдонсо туура болот деп эсептейт.

Президент Сооронбай Жээнбеков менен Жогорку Кеңештин жана өкмөттүн мурдагы башчыларынын жолугушуусунда камактагы саясатчылардын маселеси көтөрүлүп, аларга мунапыс берүү жөнүндө кеп болгонун парламенттин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев маалымдаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG