Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:36

Бишкек мэри: Иштетилбеген жерлердин ижара акысын көтөрөбүз


Азиз Суракматов.
Азиз Суракматов.

21-ноябрда өткөн шаардык кеңештин жыйынында мэр Азиз Суракматов Бишкекте ижарага алып иштетилбей жаткан тилкелердин ижара акысын эки эсе көтөрүүнү сунуш кылды.

Суракматов учурда ижарага алынган жерди кайра сатыш үчүн эч нерсе салбай кармап турган кызык кулактар бар экенин айтты.

Мэрдин маалыматына караганда үч жыл ичинде Бишкекте 84 гектар жер берилип, анын көпчүлүгүндө сынак ачык өткөн эмес. Азиз Суракматов шаардык кеңештен учурда ижарага берүүгө даяр турган жыйырмадай жер тилкесинин сынагын токтотууну суранды. Анткени ал ижарага берүүнүн жаңы жобосу иштелип, ага ылайык жер тилкелерине Интернет аркылуу ачык сынак өткөрүлүшү керек деп эсептейт.

Кийинки жылдары "Бишкекте жерлер мыйзамсыз, жең ичинен берилип жатат" деген дооматтар күчөгөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG