Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:45

“Айыл Банк”: аймактардагы долбоорлорду каржылоону көбөйттүк


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2018-жылы “Айыл Банк” аймактардагы долбоорлорго насыя берүүнүн жалпы суммасын 12 миллиард сомго көбөйттү. Бул тууралуу “Айыл Банктын” жетекчиси Мурат Акимов билдирди.

Анын айтымында, 9 миллиард сомго дагы 3 миллиард сомду кошуу Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында ишке ашкан.

2018-жылдын март айынан тартып айыл чарба багытында берилген насыялардын үстөк пайызын жыйырмадан он сегизге азайтышкан. Ал эми 2019-жылы үстөк пайыздарды он алтыга түшүрүү пландалып жатканы айтылды.

“Айыл банк” бир нече жылдан бери айыл чарбасын колдоо максатында насыя берип келет. Коомчулукта берилген каражат дыйкандарга толук жетпей жатканын айткандар бар. (TSh)

XS
SM
MD
LG